КР ССМ/Минздрав КР

КР ССМ/Минздрав КР

@minzdravKR

Официальный Telegram-канал Министерства здравоохранения КР КР Саламаттык сактоо министрлигинин расмий Telegram-каналы 🌐www.med.kg https://www.facebook.com/MinzdravKG https://www.instagram.com/minzdravkg_official

832 подписчиков Гос. Структуры

О канале КР ССМ/Минздрав КР

«КР ССМ/Минздрав КР» — Telegram-канал в категории Гос. Структуры, на него подписано 832 человек.

Добавлен в каталог в октябре 2026. Данные о подписчиках и публикациях обновлены 23 октября 2026.

Если вам интересна эта тема, посмотрите также ФТС России, Генконсульство России в Дубае и Крымэнергоинформ.

Последние публикации

Все посты в Telegram ↗

Кыргызстан менен Roche компаниясы дары-дармек менен камсыздоо жана балдар онкологиясын өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты Самарканд шаарында өткөн балдар онкологиясы боюнча эл аралык саммиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү Roche эл аралык фармацевтикалык компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда онкологиялык ооруга чалдыккан бейтаптар үчүн заманбап дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле балдар онкологиясы жана онкогематологиясы жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечеги негизги көңүл…

Открыть пост ↗

Кыргызстан менен АКШдагы Ыйык Иуда балдар ооруканасы балдар онкологиясы жана онкогематологиясы жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөдө Самарканд шаарында өткөн балдар онкологиясы боюнча эл аралык саммиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов дүйнөгө белгилүү АКШдагы Ыйык Иуда балдар изилдөө ооруканасынын (St. Jude Children’s Research Hospital) өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасында онкологиялык жана онкогематологиялык ооруларга чалдыккан балдарга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын…

Открыть пост ↗

Кыргызстан онкологиялык ооруларга чалдыккан балдарды дарылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө 2026-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында өтүп жаткан «Балдардын бакубаттуулугуна инвестиция салуу: келечек муундардын туруктуу жана адилеттүү өнүгүүсүнө карай жол» аттуу Дүйнөлүк саммитте жана Балдар онкологиясы боюнча II эл аралык конгрессте сөз сүйлөдү. Министр өз сөзүндө балдардын ден соолугун сактоо жана медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу мамлекеттик саясаттын маанилүү артыкчылыктары экенин…

Открыть пост ↗

Чүй облустук төрөт үйү капиталдык оңдоодон өткөн имаратка көчүүгө камданууда Чүй облустук төрөт үйүндө капиталдык оңдоо иштери аяктоо алдында турат. Учурда негизги оңдоо иштери дээрлик толугу менен бүткөрүлдү. Бүгүнкү күндө палаталарга линолеум төшөө иштери гана калды. Аны менен бирге төрөт үйүнүн айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Төрөткананын короосуна асфальт төшөө иштери аяктады. Инженердик иштерден газ магистралын от казанына туташтыруу гана калды. Бул иштер аяктагандан кийин от казан толук кандуу иштөөгө даяр болот. Бардык иштер толук аяктагандан кийин төрөт үйү жаңыланган…

Открыть пост ↗

2026-жылдын тогуз айында Кыргызстанда энелердин өлүмү 34,4 пайызга азайды Кош бойлуулуктун татаалдашууларынын алдын алуу, үй-бүлөнү пландоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, тобокелдик факторлорун өз убагында аныктоо жана аялдарга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат. 2026-жылдын тогуз айындагы ыкчам маалыматтарга ылайык, Кыргыз Республикасында кош бойлуулук, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилде энелердин өлүмүнүн 23 учуру катталган. Энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү 100 000 тирүү…

Открыть пост ↗